• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Республика – Ата Журт” фракциясынын көпчүлүк коалициясынын курамына кирүүсү жөнүндө Макулдашуу түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн Парламенттик көпчүлүк коалициясынын катышуучулары болуп эсептелген “КСДП”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” парламенттик фракциялары фракциялардын лидерлеринин атынан Коалицияны бекемдөө максатында төмөнкүлөр тууралуу Макулдашуу түздү.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Макулдашуу төмөнкүдөй:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттик көпчүлүк коалициясынын чечимине ылайык Коалициянын курамына жалпы саны 28 депутаттан турган “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы киргизилсин.
  2. Бул Макулдашуу 2016-жылдын 3-ноябрындагы Коалициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелери жана Коалицияга кирген фракциялардын лидерлери тарабынан кол коюла тургандыгы аныкталсын.
  3. Бул макулдашуу “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.
  4. Бул макулдашуу бирдей күчкө ээ болгон мамлекеттик жана расмий тилдердеги 4 нускада түзүлдү.
  5. Бул макулдашуу Коалицияга кирген фракциялардын лидерлери тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
  6. Бул макулдашуу “Эркин Тоо” гезитине жана Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылсын.

Пикир

Оставить комментарий