• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери болуп Руслан Казакбаев шайланды. Бул тууралу бүгүн парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Аталган парламенттик фракциянын өкүлдөрү билдиргендей, фракция кезексиз жыйын өткөргөн. Добуш берүү жабык түрдө өттү. Жыйынтыгында фракциянын жаңы лидери катары Руслан Казакбаев шайланды.

Белгилей кетсек, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда кызматынан кеткен. Саясатчынын айтымында, ал ордунан өз ыктыяры менен кетүүнү чечкен.

Пикир

Оставить комментарий