• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республика боюнча 4 өсүмдүктөр карантини лабораториясы иштейт

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөдөгү бажы инфраструктурасын жакшыртууга жана ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды курууга Казакстан Республикасы тарабынан техникалык колдоо катары бериле турган 100 млн. АКШ доллары боюнча эки мамлекеттин Өкмөттөр аралык келишимин денансациялоо маселесин карагандыгына байланыштуу, өлкөдө курулуп жаткан жана толук модернизациялоодон өткөн ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымадайт:

Кыргыз Республикасынынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 275-р буйругунун негизинде Балыкчы, Каракол, Баткен, Талас шаарларындагы 4 зоналык ветеринардык лабораториялык борборлорду курууга жана республиканын аймагындагы 12 райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды.

Баткен шаарындагы лаборатория учурда суу түтүкчөсүнө кошулуп, биринчи кабатынын дубалы бүткөрүлүп, жылуулук системасы жана электр зымдары кошулду. Экинчи кабаттын ички тосмолору орнотулуп, шыбак иштери бүткөрүлдү жана лабораториянын тосмосу 60% аткарылды.

Каракол шаарындагы лабораториянын дубалын курулуп, биринчи экинчи кабатында шыбак иштери бүткөрүлүп, жасалгалоо иштери 40% жылуулук системасы 90% ишке ашты.

Талас шаарындагы эки кабаттуу лабораториянын кирпич дубалы тургузулуп, сырткы жана ички шыбак иштери, жылуулук системасы бүткөрүлдү. Суу түтүктөрү 90% аткарылып, тышкы тосмо 90% аяктап, экинчи кабатында жасалгалоо иштери башталды.

Балыкчы шаарындагы лабораториянын шыбак, канализация жана электр зымдары бүткөрүлдү, жасалгалоо иштери 40% аткарылды.

Азыркы учурда республика боюнча 4 өсүмдүктөр карантини лабораториясы иштеп турат. Борбордук өсүмдүктөр карантини лабораториясы 2017-жылдын 1-июнунан баштап бошотулуп, акт боюнча Россиянын «КРОКУС» акционердик коомуна өткөзүлүп берилген. Учурда имараттын экинчи кабатынын ремонту бүтүп, биринчи кабатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоп түзөө иштери 2017-жылдын 1-декабрына бүткөрүлөт.

Ош өсүмдүктөр карантини лабораториясы эски имаратында толук кандуу иштеп, учурда карантинге алынган өндүрүмдөрдүн үлгүлөрү лаборатория аркылуу экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыктары өз учурунда өндүрүм ээлерине берилди.

Ошондой эле Талас өсүмдүктөр карантини лабораториясы жана Ысык-Көл өсүмдүктөр карантини лабораториясы учурда толук кандуу иштеп, карантинге алынган өндүрүмдөрдүн үлгүлөрүн лаборатория аркылуу экспертиза жүргүзүшүп, жыйынтыктары өз учурунда өндүрүм ээлерине берилди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин алкагында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууга кеткен каражаттардын бардыгы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандык ортосундагы экономикалык мамилени бекемдөө максатында 2007-жылы кыргыз-казак өнүктүрүү Фондун түзүү иштери башталган. 2014-жылы Казакстан тарап ЕАЭБдин алкагында инфраструктураны жакшыртууга колдоо көрсөтүү боюнча 100 млн. АКШ долларын берүү тууралуу өлкөлөр аралык келишимге кол коюлган. Бирок 3 жылдан бери белгисиз себептерден улам, бул каражат Кыргызстанга которулган эмес.

Бул арада Россия Федерациясы тарабынан техникалык көмөк көргөзүү үчүн капиталдык ремонт жана жабдуу иштерине, Бишкек шаарындагы Борбордук өсүмдүктөр карантини лабораториясына 190 миң 361 АКШ доллар жана Ош өсүмдүктөр карантини лабораториясына 240 миң АКШ доллар суммадагы акча каражаты бөлүнгөн.

Казакстан тарабынан техникалык көмөк көрсөтүү максатында 3 фитосанитардык лабораторияны (Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарында) куруу жана жабдуу, ошону менен бирге эле адистерди окутуу, 8 фитосанитардык контролдук пунктту жабдуу үчүн 1 млн. 812 миң АКШ доллары каралганы менен ал иш жүзүнө ашкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий