• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Республика боюнча 525 миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июлуна карата республика боюнча 525 миң 105 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 525 миң 105 үй-бүлөнүн ичинен жергиликтүү бюджет – 64 миң 497, демөөрчүлүк жардам – 285 миң 538, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсеби – 26 миң 616, өкмөттүн токтому (200 млн сом) – 148 миң 454 адамга жардам берген.

“Гуманитардык жардамды жергиликтүү деңгээлде бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык администрациянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлгөн”, - дейт Адиев.

Пикир

Оставить комментарий