• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Республика боюнча 6 айда 1327 өрт катталган

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. 2017-жылдын алты айында республика боюнча 1327 өрт кырсыгы катталып, (2016-ж. 1487) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 10.8% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 240 миллион сомдон ашык түздү (2016-жылы 522 млн. сомдон ашык), өрттөн 37 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала (2016-жылы 46 адам), өрттөн 17 адам жабыркаган, анын ичинде – 2 жаш бала (2016-жылы 41 адам анын ичинде – 3 жаш бала).

Өрттөн 45 адамдын өмүрү (2016-ж. 102 адамдын өмүрү) жана 590 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2016-ж 2,5 млрд.сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -35.9%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -30.7%, мештерди жана морлорду этиятсыз колдонууда -12.5%, балдардын от менен ойноосунан -7.2%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 62.8% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (315) жана 16 адам каза болгон, Бишкек ш. (261) жана 6 адам каза болгон, Ош облусунда (150), Жалал-Абад облусунда (162) жана 8 адам каза болгон, Ысык-Көл облусунда (155) 3 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (834) жана 45,9 млн. сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 32 адам каза тапкан. Жайкы өрт кооптуу мезгилинде 2017-ж. 6 ай ичинде ачык аянттарда 143 өрт кырсыктары катталды, алардан материалдык чыгымдар 865 миң сомдон ашык түздү.

2017-жылдын 6 айында республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 624 макала жарыкка чыгып, 437 теле жана 3252 радио берүүлөр уюштурулган. 20 820 жолу 282 359 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 1085 маалымат жөнөтүлгөн.

Жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;

- өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

- кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

- токойго бензин сиңип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

- айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын жана топуракты таштагыла.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Пикир

Оставить комментарий