• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Республика боюнча аз камсыз болгон 96 миң үй-бүлө каттоодо турат - Солтонбекова

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда азыркы убакта 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттосунда 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө турат. “Бирок азыркы ушундай оор кырдаал убагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө”,- деп кошумчалады ал.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө жардам штабы түзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү максат кылууда. Муктаж болгон жарандар бул штабга кайрылса болот.

“Азыркы убакта көптөгөн адамдар жумушсуз калгандыгын билебиз, алар дагы бизге кайрылса болот. Ошондой эле 1227 кыска номери аркылуу социалдык-психологиялык жардам ала алышат”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий