• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республика боюнча бензиндин баасы орто эсеп менен 4 сомго арзандаган – статистика

Экономика 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик күйүүчү майдын орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, орточо республикалык баа үстүбүздөгү жылдын августунда 2018-жылдын августуна салыштырмалуу АИ-92 бензининин баасы 3,92 сомго, же 8,9 пайызга төмөндөдү, ал эми ушул эле учурда дизелдик күйүүчү майга, тескерисинче, бир аз (11 тыйынга, же 0,2 пайызга) жогорулады.

Ушул эле учурда, аймактардын тигил же бул региондорунун рынокторунда күйүүчү-майлоочу майга карата чекене баалардын дифференциациясы белгиленди.

2019-жылдын августунда АИ-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Исфана шаарында (бир литри – 42,92 сом), Баткен шаарында (бир литри – 42,10 сом) жана Кара-Суу шаарында (бир литри - 41,49 сом ) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Покровка айылында (бир литри - 36,67 сом), Талас шаарында (бир литри – 36,94 сом) жана Токмок шаарында (бир литри – 38,29 сом) белгиленди.

Дизелдик күйүүчү майга карата айтсак, максималдуу чекене баалары Кара-Суу шаарында (бир литри - 46,22 сом), Баткен шаарында (бир литри - 46,17 сом) жана Исфана шаарында (бир литри – 46,00 сом) катталган. Муну менен катар, дизелдик күйүүчү майга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир литри - 42,70 сом), Талас шаарында (бир литри – 41,92 сом литр) жана Токмок шаарында (бир литри – 42,39 сом) белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий