• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республика боюнча бир күн ичинде 24 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча бир күн ичинде 24 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 8, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Нарын облусунда 3, Талас облусунда бир жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2789 учур катталды. Алардын ичинен 533ү медицина кызматкери. Илдеттен 1961 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий