• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республика боюнча дезинфекциялоо иштерине 200дөй техника тартылган

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Республика боюнча дезинфекциялоо иштерине 200дөй техника тартылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Жамгыр жааган кезде гана бул иштер убактылуу токтотулат.

"18-марттан тартып ушул күнгө чейин 886 жолу техникалар дезинфекциялоо үчүн жер-жерлерге чыккан. Ага 4 миң 330 кызматкер тартылган. Жалпы 27 млн 392 мерт жолдор дезинфекцияланды. Ошондой эле 32 млн 600 метр имараттардын сырты жана 8 млн метрге жакын имараттардын ичи дезинфекцияланды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетти. Алардын ичинен 162си медицина кызматкери. Илдеттен 302 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий