• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республиканын аймагында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июль күнү өлкө боюнча 187 151 м² имараттар, 105 018 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 105 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 1800 м² имараттар, 29 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 150 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 12 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 46 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 3 300 м² имараттар дезинфекцияланып, 8 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 7 953 м² имараттар дезинфекцияланып, 5 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 30 000 м² имараттар дезинфекцияланып, 29 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 18 078 м² имараттар, 32 518 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 96 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 15 020 м² имараттар, 4 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 13,5 литр суюк хлор колдонулду.

Бишкек шаарында 111 000 м² имараттар, 27 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 388 литр суюк хлор колдонулду

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий