• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республика боюнча коронавирусту орто курактагы 489 жаран жуктурду - статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда 23-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 1365 учурду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканаларда 394 жаран, обсервацияда 2 миң 90 адам жатат.

"Коронавируска 15 жашка чейинки 180 бала, 16 жаштан 19 жашка чейин 47 өспүрүм, 20 жаштан 35 жашка чейин 489, 35 жаштан 55 жашка чейин 436 жана 55 жаштан жогору 213 жаран кабылган", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ке жетти. Алардын ичинен 273ү медицина кызматкери. Илдеттен 957 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий