• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республика боюнча короновирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 короновирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана cанэпидкөзөмөлдөө департаментинин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, лабораториялык аныктоо ПЧР ыкмасы менен жүргүзүлөт. Ошондой эле скрининг үчүн экспресс ыкма, ал эми шашылыш учурларда Genexpert ыкмасы колдонулат.

“Пандемиянын башталышынан бери 2021-жылдын 15-сентябрына чейин жалпы республика боюнча 1 млн 824 миң 71 изилдөө жүргүзүлдү”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий