• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Республика боюнча кургак учук менен ооругандардын жалпы саны азаюуда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Республикада кургак учук оорусу менен байланышкан кырдаалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөө максатында 1996 – 2010-жылдары “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде “Кургак учук – I” “Курагак учук – II” программалары ишке ашырылган. Эксперттик талдоонун жүрүшүндө аталган мыйзамда өзгөртүүгө тийиш болгон жана эл аралык укукта пайдаланылуучу бирдиктүү терминологияны колдонууну талап кылган бир катар ченемдер аныкталган.

Алсак, мыйзамдын 1-беренеси “кургак учук”, “кургак учукка каршы жардам” сыяктуу терминдер менен толукталууда. Эскирген жана кургак учукка каршы жардам көрсөтүүдө, ошондой эле мыйзамдын өзүндө колдонулбай калган терминдер: “эпидемиологиялык очок”, “кургак учукка каршы санаторий”, “кургак учуктун активдүү формасы”, “балдарга БЦЖны кайра вакцинациялоо” алынып салынган.

Мыйзамдын 12-беренесинде айлана-чөйрөгө кургак учукту жуктуруу коркунучун келтирген адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды мыйзам алдындагы ченемдик акт менен жөнгө салуу сунушталууда. Андан тышкары, “КР саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мыйзамдын бүткүл тексти боюнча “кургак учукка каршы диспансер”, “диспансер (бөлүм, кабинет)” деген терминдер “кургак учукка каршы уюм” деген термин менен алмаштырылды.

Талкууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү республика боюнча кургак учук менен ооругандардын жалпы саны азайып бара жаткандыгын маалымдады. Бул оору менен күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон 1,5 млрд сомдун жарымы гана бөлүнөт. Калганы Глобалдык фонд сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан каржыланууда. Депутат Аалы Карашев кургак учук менен күрөшүүдөгү айрым иш-чараларды жергиликтүү башкаруу органдарына берилип жатканын айтып, тыкыр көзөмөл болбой кургак учук менен ооругандардын саны кайрадан көбөйүп кетпесин деген тынчсыздануусун билдирди. “Бул мыйзам долбоору кургак учукка кабылгандардын укугун тебелейт”,- дегене депутат Мирлан Жээнчороев ага өз жүйөөлөрүн келтирди. Ошону менен катар депутат кургак учук менен күрөшүүдө жергиликтүү башкаруу органдарында жетиштүү каражат жоктугун кошумчалады. Депутат Кенжебек Бокоев кургак учукка каршы күрөшүүдөгү көзөмөл функцияларды КР Өкмөтүндө калтырууну сунуш кылды.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий