• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Республика боюнча санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 1,2 миңден ашык объектке айыппул салынган

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 1,2 миңден ашык объектке айыппул салынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Санэпидкөзөмөл департаменти тарабынан өлкө боюнча 11 миң 16 объект текшерилген. Алардын 5 миң 546сына санитардык тапшырыктар берилген, 1 миң 271ине протокол түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 1 миң 250 объектке жалпы суммасы 1 млн 855 миң сом айыппул салынган.

“Ош облусу боюнча 4 миң 670 объект текшерилип, 823 көрсөтмө берилип, 423 протокол түзүлгөн жана 15 эскертүү берилген. 711 миң 500 сом өлчөмүндө 408 ишканага айыппул салынган. Курулуш, тейлөө тармагы, соода түйүн, дүкөн, банк, чач тарач, сулуулук салон, медборбор, такси, цех, унаа оңдоочу жай, мейманканалар текшерилген. Баткенде 843 текшерүү болсо, 870 миң сом өлчөмүндө 67 айыппул салынган. Жалал-Абадда 930 текшерүү болуп, 142 миң 500 сом өлчөмүндө 119 айыппул салынган. Таласта 317 текшерүү, 46 миң сомго 43 айыппул каралган. Ысык-Көлдө 1 миң 917 текшерүү орун алып, 125 миң сомго 82 айыппул салынган. Чүй облусунда 683 текшерүү болгон жана 96 объектке жалпы суммасы 135 миң 500 сомго айыппул салынган. Нарында 288 текшерүү, 40 ишканага жалпы суммасы 40 миң сом өлчөмүндө айыппул салынган. Ал эми Бишкекте 1 миң 283 текшерүү, 394 мекемеге жалпы суммасы 566 миң 500 сомго айыппул каралган”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1974 учур катталды. Алардын ичинен 389у медицина кызматкери. Илдеттен 1360 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий