• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республика боюнча шайлоо тилкелеринде 5 миң 728 медицина кызматкери иш алып барды

Ден соолук 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрда республика боюнча шайлоо тилкелеринде 5 миң 728 медицина кызматкери иш алып барды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлери шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын дене табын текшерип турушкан. “Ошондой эле ар бир шайлоо участкасы тез жардам бригадасы менен камсыздалган”, - деди ал.

Ибраева билдиргендей, өлкө боюнча шайлоо участкаларынан тез жардам кызматына 4 чалуу болгон. Анын үчөө Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларынан түшкөн. "№47 мектептеги шайлоо участкасынан 74 жаштагы жаран ооруканага жаткарылган. Мындан тышкары тез жардам кызматына дагы эки чалуу болуп, бирок ал жарандарга жеринен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми Балыкчы шаарында тез жардам кызматына бир чалуу болгон. Ал жаран ооруканага жаткырылган. Республиканын калган аймактарындагы шайлоо участкаларынан чалуулар түшкөн эмес”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий