• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республика боюнча сутка ичинде 21 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча сутка ичинде 21 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 12, Баткен облусунда 2, Талас облусунда бир медкызматкер илдетти жуктуруп алды.

"Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, коронавирус жуктурган медкызматкерлердин 25-28%ын дарыгерлер түзөт.

"Калганы орто жана кичи медкызматкерлер. Ошондой эле илдетти жуктургандардын 75%ы айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2562 учур катталды. Алардын ичинен 495и медицина кызматкери. Илдеттен 1901 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий