• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республика боюнча укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республика боюнча укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин баары тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

"Буга чейин айтылгандай тобокел тобуна медицина кызматкерлери, жүк ташуучу унаанын айдоочулары, сырттан келген жарандар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирет. Бүгүнкү күндө текшерүүдөн кийин укук коргоо органдарынын 65 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ге жетти. Алардын ичинен 251и медицина кызматкери. Илдеттен 804 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий