• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республика боюнча жети айда 1852 өрт кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. КРнын ӨКМнин Өрткө каршы агенттиги маалымдагандай,2017-жылдын жети ай ичинде республика боюнча 1852 өрт кырсыгы катталып (2016-ж. 1843) өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр -0.5% көбөйгөн. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 263 миллион сомдон ашык түздү (2016-жылы 553 млн. сомдон ашык), өрттөн 39 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала (2016-жылы 48 адам, анын ичинен -1 жаш бала), өрттөн 19 адам жабыркаган, анын ичинде – 3 жаш бала (2016-жылы 58 адам анын ичинде – 3 жаш бала).

Өрттөн 47 адамдын өмүрү (2016-ж. 102 адамдын өмүрү) жана 667 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2016-ж 2,6 млрд.сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -39.3%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -35.9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -9.2%, балдардын от менен ойноосунан -7.0%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 54.5% турак жай секторунда болгон.

Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (553) жана 16 адам каза болгон, Бишкек ш. (360) жана 6 адам каза болгон, Ош облусунда (181), Жалал-Абад областында (206) жана 8 адам каза болгон, Ысык-Көл областында (184) 3 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (1010) жана 52 млн. 900 мин сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттөн 32 адам каза тапкан. Жайкы өрт кооптуу мезгилинде 2017-ж. 7-ай ичинде ачык аянттарда 346 өрт кырсыктары катталды, алардан материалдык чыгымдар 1 млн. сомдон ашык түздү.

2017-жылдын 7 айында республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 686 макала жарыкка чыгып, 478 теле жана 3531 радио берүүлөр уюштурулган. 25 683 жолу 289 513 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 1234 маалымат жөнөтүлгөн.

Жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

- балдарды кароосуз калтырбагыла;

- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

- тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла;

- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;

- өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;

- кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;

- токойго бензин сиңип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;

- айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын жана топуракты таштагыла.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Пикир

Оставить комментарий