• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республика боюнча жумушсуздардын саны 156 миң 300 адамды түзөт – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө жумушсуздардын жалпы саны 156 миӊ 300 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адамды түзөт. “Ал эми иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адамды түзөт”, - деп кошумчалады ал.

Министр белгилегендей, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, жөлөкпулдун өлчөмү 300 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий