• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикада 15 долбоордун ишке кирүүсү күтүлүүдө

Коом 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Учурда мамлекеттик -жеке өнөктөштүктүн негизинде 15 долбоор ишке ашуу алдында турат. Алардын баасы 165 млн доллардан ашат. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу жана экспорт мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, жалпы долбоорлордун 4 саламаттык сактоо тармагына, 5 Бишкекти өнүктүрүүгө, 4 спорт жана туризм багытында,1 транспорт жана 1 чек ара логистикасына багытталган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 8 долбоорун техникалык-экономикалык жактан даярдоого фонд тарабынан 1 млн 418 миң 93 доллар бөлүнгөн. Аталган долбоорлордун баасы болжолу менен 79 млн долларды түзөт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 3 долбооруна техникалык-экономикалык негиздеме, ал эми 2 долбоорго тендер жарыялоо боюнча документтер даярдалууда. 7 долбоор боюнча тендер өтүп жатат. 2 долбоорго фонддон каражат алууга ылайыктуу документтер даярдалууда”,-деди Орозбеков.

Пикир

Оставить комментарий