• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Республикада чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди

Саясат 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө багытталган.

Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсүнүн киргизилиши чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн каттоо тейлөөсүн өз мөөнөтүндө жана тоскоолдуксуз алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тараптан жол кыймылы коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдүн камсыздалышын жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий