• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикада пневмония менен ооругандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

Ден соолук 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Январь-июнда пневмония оорусуна чалдыгуулардын саны

Нет описания.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди.

Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келди.

Пикир

Оставить комментарий