• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык ачык шахмат турнири жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы коомдук фонду менен биргеликте алгачкы жолу өткөргөн ачык шахмат турнири жыйынтыкталды.

Аталган турнирде 30га жакын мектептерден 6-14 жаштагы жалпы 250 окуучу жаш курагы боюнча 4 категорияга бөлүнүп, кыздар жана балдар өзүнчө ойноду. Турнирден биринчиликти алган окуучуларга Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башталгыч мектептерине 25% жеңилдик менен окуу сертификаты, экинчи орундарга 10% жеңилдик менен окуу сертификаты жана баалуу белектер тапшырылды.

6-8 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Пазылбекова Нуржамал

2-орун : Карташева Яна

3-орун :Рысбергенова Алия

8-10 жаш курагында кыздар арасында:

1-орун : Есенбек кызы Айжылдыз, “Апас Жумагулова” атындагы мектеп

2-орун : Андашева Акылай, №64 мектеп

3-орун :Бообекова Умай, №12 мектеп

10-12 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Нурай Советбекова, № 67 мектеп

2-орун : Белецкая Полина

3-орун :Съездбекова Назира №78 гимназия

12-14 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Сайкал Аскарбек кызы №84 мектеп

2-орун : Кенжебаева Адеми №12 мектептен

3-орун :Алимжан кызы Акинай, №84 мектеп

6-8 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Залкар Амангелдиев, Эл аралык Оксфорд мектебинен

2-орун : Батырхан Ли,

3-орун : Наиль Алыбаков, 6 жашта

8-10 жаш курагында уландар арасында:

1-орун : Нурислам Абдылдаев, Сейтек-Жал мектеби

2-орун : Аким Сабырбеков

3-орун : Айхан Жумашүкүров Акылтай башталгыч мектеби

10-12 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Азиз Дегенбаев, № 6 мектептин окуучусу

2-орун : Артур Соломко №61 мектеп

3-орун : Суванбеков Джахангир №61 мектеп

12-14 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Жолдошмаматов Адилет, Ч.Айтматов атындагы Бишкек балдар лицейинин окуучусу

2-орун : Съездбеков Алмаз, №5 гимназия

3-орун : Карымшаков Рахман, №13 мектеп

Ачык шахмат турнири сергек жашоону жана жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында шахмат спортун жайылтуу максатында 2017-жылдын 8-9-апрель күндөрү “Сейтек Туңгуч” башталгыч мектебинде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий