• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Республикалык бюджеттен Баткен облусун калыбына келтирүүгө 497,6 млн сом бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу алкагында республикалык бюджеттен 497,6 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын эсебинен куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу чаралар жыйындысы, анын ичинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий