• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык бюджеттин кирешеси июлда 9,5 млрд. сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2018-жылдын июль айында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү (атайын каражаттарды эске алуу менен) 9 млрд. 478,8 млн сомду түзгөн же 2017-жылга салыштырмалуу өсүүнүн темпи 101,4% болгон.

Борбордук казыначылыктын маалыматы боюнча, салыктык түшүү 7 млрд 891,7 млн сом болгон, 2017-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,5% түзгөн. Салыктык эмес кирешелер - 1 млрд 588,1 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий