• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Республикалык дартты аныктоо борбору КММАнын балансына өткөрүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Республикалык дартты аныктоо борбору Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) балансына өткөрүлдү.

Академиянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбор төмөнкүдөй диагностикалык кызматтарды көрсөтөт: УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, суткалык көзөмөлдөө, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентген изилдөө.

Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар.

Байланыш үчүн телефондор: 0312 43 54 23.

Пикир

Оставить комментарий