• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Мектеп окуучулары арасында өткөн республикалык “Илим + Ойлоп табуу = Техника!” илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышып, байге ээлерине министрликтин диплом жана медалдарын тапшырды.

Токтобүбү Ашымбаева техникалык билим берүү Кыргызстандын келечеги жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигин белгиледи.

"Мектеп окуучуларын илим жана ойлоп табуучулук жаатындагы кызыгууларын улантууга шыктандыруу абдан маанилүү. Олимпиадага жалаң балдар гана эмес, кыздар да катышып жаткандыгы STEAM билим берүүдөгү гендердик ажырымды азайтууга мүмкүндүк берерин белгилеп кетүү керек", - деди ал.

Республикалык илимий-техникалык олимпиаданын үч турунун жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун командасы (Бек Майрамбеков, Аслан Сталбеков, Даниэл Муратов жана Санжар Болотбеков, жетекчиси Тыналиева С.Ч.) өспүрүмдөр лигасынын жеңүүчүсү аталып, Билим берүү жана илим министрлигинин өтмө кубогунун ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий