• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына дезинфекциялык туннелдер орнотулат

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына дезинфекциялык туннелдер орнотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир кабина ооруканага келгендер үчүн, экинчиси тез жардам унаалары үчүн коюлат.

Белгилей кетсек, жабдуулар жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан жана коронавируска каршы күрөшүү максатында мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген. Туннелдердин жалпы наркы 1,5 млн сомду түзөт, алар Бишкек шаары боюнча ӨКМдин башкармалыгынын балансында катталат.

Пикир

Оставить комментарий