• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан жалпы 118 адам коронавирустан айыгып чыкты - Кузнецова

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Учурда Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамды түзөт. Алардын ичинен 34 учур чет жактан келгендерден тастыкталса, ал эми 197 учур жергиликтүү адамдардан аныкталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 231 коронавирус жуктурган адам менен 502 киши байланышта болгон. Бардыгы болуп шаар боюнча карантин убактысы бүтүп жана анализдери терс жыйынтык көрсөткөн 147 адам байкоо жүргүзүүдөн алынды. Учурда 194 жаранга медициналык байкоо жүргүзүлүүдө.

“231 коронавирус жуктургандардын ичинен 163ү байланышта болгондор, ошондой эле ооругандардын ичинен 70и медицина кызматкерлери болсо, 24ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери”, - деди ал.

Вице-мэр кошумчалагандай, 43 медицина кызматкери илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ошондой эле карантин башталгандан тарта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 118 адам айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий