• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

Коом 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, республикадагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, жана калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында (РКЖОО) карантиндик режим алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматк аылайык, 12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.

Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылат.

Ошондой эле жогоруда аталган буйруктун негизинде №6 Шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.

Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.

Республикалык дерматовенерологиялык борбору профили боюнча бейтаптарды кабыл алууну баштады.

Пикир

Оставить комментарий