• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык олимпиадада 19 окуучу биринчи орунду ээледи (тизме)

Билим 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бүгүн 10 предмет боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы жыйынтыкталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 19 окуучу биринчи орунду ээледи. Жалпысынан олимпиаданын республикалык этабына 325 окуучу катышып, финалга 56 окуучу чыккан.

Анын ичинен I орунду – 19, II орунду – 17, III орунду – 20 окуучу алды.

2022-2023-окуу жылындагы Республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабынын жеңүүчүлөрүнүн, байгелүү орундарынын ээлеринин жана мугалимдердин тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий