• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык олимпиаданын үчүнчү этабына дээрлик 2 миң мектеп окуучусу катышууда

Билим 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бүгүн Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, облустук борборлордо өтүп жатат. Ага жалпысынан экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1 988 мектеп окуучусу катышууда.

Олимпиадалык тапшырмаларды КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтчү жерлерге атайын окутулган лидерлер жана администраторлор барышкан.

Олимпиаданы уюштурууга жоопкерчилик Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына, ошондой эле облустук билим берүү институттарына жана методикалык борборлорго жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий