• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык олимпиаданын катышуучуларынын иштерин көз карандысыз эксперттер баалашат – Билим берүү министрлиги

Билим 0


Бишкек, 22.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. 2018-жылдан тарта облустук жана республикалык олимпиадаларга катышкан окуучулардын иштерин коз карандысыз эксперттер баалашат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Ал Кыргызстанда мектеп олимпиадасы төрт баскыч менен өтөрүн белгиледи: мектептик, райондук, облустук жана республикалык. Билимди текшерүүнү өткөрүүнүн негизги максаты билимдүү, таланттуу балдарды аныктоо, чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана өлкөнүн интеллектуалдуу интеллигенциясын тарбиялоого салым кошуу болуп саналат.

“Олимпиаданын биринчи баскычтарында жалпы билим берүүчү уюмдардын тиешелүү даярдыктагы бардык окуучулары катышышат, быйыл республикалык олимпиада буга чейинкилерден көз карандысыз уюмдарды тартуу каралган жобонун иштелип чыгышы менен айырмаланат. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Билим берүүнү жана усулдук камсыздоону баалоо борбору тандалган. Бул уюм 10 жалпы билим берүүчү предметтер боюнча үчүнчү жана төртүнчү баскычтар үчүн олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгат”, - деди Кусеинова.

Ал 23 жана 24-мартта олимпиаданын төртүнчү баскычы башталарын, ага үчүнчү облустук баскычта 1-чи жана 2-орун алган окуучулар катышышарын белгиледи. Быйыл финалга 318 окуучу катышат. Алар бүгүн өлкөнүн бардык аймактарынан Бишкекке келишти.

“Олимпиадалык тапшырмалар даяр, ал эми аларга коюлган талаптар катышуучуларга берилген. Ошондой эле олимпиада тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыяланган. Олимпиада “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин базасында өтөт. Ал эми информатика боюнча Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөрүлөт”, - деп кошумчалады Кусеинова.

Ал олимпиада процесси он-лайн режиминде көрсөтүлөрүн жана ата-энелер мугалимдер менен бирге түз эфирде көзөмөлдөп турушарын белгиледи. Жеңүүчүлөр олимпиаданын бардык баскычтары боюнча топтолгон жалпы рейтинг боюнча аныкталат.

“Буга чейин олимпиадалык тапшырмалар ЖОЖдордун окутуучулары тарабынан түзүлүп, уюштуруучулук жоопкерчилик аларга жүктөлгөн. Бирок мында процесстин өтүшүн баалоо жана алсыз жактарын аныктоо боюнча кыйындыктар болгон. Ошондуктан быйылкы жылдан баштап биз адистери толук отчет бере турган көз карандысыз уюмду тартууну чечтик”, - деди Кусеинова.

Билим берүү жана усулдук окутууну баалоо борборунун өкүлү Чынара Батракеева уюмдун олимпиаданын жыйынтыктоочу баскычтарына катышуу ролун кеңири айтып берди. Анын айтымында, тапшырмаларга талаптарды түзүү, тапшырмаларды иштеп чыгуу жана олимпиада процессин толук башкаруу алардын милдети.

“Биз тапшырмаларды аткарууну баалоо критерийлерин иштеп чыктык. Быйыл былтыркы жылга караганда балдарды коддоштуруу өткөрүлөт. Бардык иштер белгилер менен белгиленет”, - деп баса белгиледи Батракеева.

Ал ошондой эле жооптордун критерийлери даяр экенине жанан калыстар иштерди баалоодоаларды дыкат карманарына баксым койду. Олимпиаданын аякташы менен бардык суроолордун жооптору жалпыга көрсөтүлүп илинет жана катышуучулар өз жоопторунун тууралыгын аныктай алышат.

“Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери милдеттүү түдө жалпы республикалык тест тапшыруулары керек. Босого баллдан жогору алганда гана алар ЖОЖдорго гранттык, бюджеттик жана келишимдик окутууга олимпиадага предметине жараша тиешелүү тармактагы адистик боюнча сынактан тышкары кабыл алынышат”, - деп билдирди Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукова.

Пикир

Оставить комментарий