• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеси менен илимий-методикалык борбору кызматташат

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Республикалык илимий-методикалык борбор кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анын алкагында, протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин базасында протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүү жана бут кийимдерди даярдоо боюнча адистерди окутуп, стажировкадан өткөрүп, кийин ишке орноштурушат.

Ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын шаарларында кесиптик лицейлердин базасында протездик-ортопедиялык мекеменин мастерлери адистерди практика түрүндө окутушат. Окутуунун жыйынтыгы боюнча адистер кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли жөнүндө диплом алышат.

Пикир

Оставить комментарий