• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб: 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө медициналык кызматкерлердин COVID-19 жуктуруп алуусуна, медициналык кызматкерлерге карата кошумча төлөмдөргө, алардын жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышына тийиштүү коомдо көтөрүлүп жаткан маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алуу кооптуулугу дале байкалууда. Күн сайын оору жуктуруп алган жаңы учурлар катталууда. Мен жарандарды обочолонуу эрежелерин жана кыймылды чектөө талаптарын сактоого чакырам», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, аз камсыздалган жарандарды колдоого алуу жана аларга даректүү көмөк көрсөтүү боюнча тутумдуу иш жүрүүдө.

«Калктын социалдык жактан аз камсыздалган катмарына колдоо көрсөтүү боюнча иш ыкчам жүргүзүлүп, ар бир муктаж үй-бүлө жардамсыз калбашы керек. Жакын арада чыккан Өкмөттүн чечими менен 122 миллион сом калктын аяр катмарын колдоого алуу үчүн бөлүнүүдө. Бир үй-бүлөгө 800 сомдук азык-түлүк топтому даярдалат. Учурда аларды жеткирүү маселеси каралууда. Мындан тышкары, учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине – 5 миллион сом, ал эми Россия Федерациясындагы биздин элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталды. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр мекендештер туш болгон маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат», - деп белгилеген биринчи вице-премьер-министр, тийиштүү кызматтар өз өмүрүн кыюу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жаатындагы иштерге көңүл бурушу керектигин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн түшкөн жардамдар боюнча бардык маалыматтар коомчулукка берилип жатканы айтылды. Бардык гуманитардык жардамдарды жана аларды бөлүштүрүүнү онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын платформа иштелип чыкты.

Штабдын жыйынында Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүлгөн иштер тууралуу да маалыматтарды беришти.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын соңунда бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий