• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб Баткен облусундагы COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшүн талкуулады

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Баткен облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин вакцинация жүргүзүүгө даярдыгы маселеси жана калкты вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды. Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери өз тейлеген участоктору боюнча маалымат беришти.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда COVID-19га каршы эмдөөнүн максаттуу тобу 185 миң 695 адамды түзөт, анын 40 %ы 1-дозасы менен эмделген, эмдөөнүн толук курсун (1-2-доза) 27 % өткөн.

Жылдыз Бакашова бир катар аймактарда калкты эмдөө темпи төмөн экенин айтты. Алсак, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында (20%), Чүй облусунда (19%), Баткен облусунда – Баткен (19%) жана Сүлүктү (20%) шаарларында белгиленген.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине вакцинациялоо боюнча кампанияны жүргүзүү ишин күчтөндүрүүсү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине бул маселени жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды. Ошондой эле калкты амбулатордук жана стационардык деңгээлдеги тийиштүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен өз учурундла камсыздоо максатында коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөнү күчтөндүрүүсү тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине дарыканаларда жана саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын тийиштүү кору болуусун көзөмөлдө кармоосу тапшырылды. Министрликке кадрлар жетишсиз болгон саламаттыкты сактоо уюмдарына ар кандай профилдеги медициналык кызматкерлерди жөнөтүп туруу тапшырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары профессордук-окутуучу курамдын, 18 жаштан жогорку окуучулардын арасында эмдөөнүн жүргүзүүнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө облустагы жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик окуу жайлардын, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий