• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Республикалык штаб covid.kg сайтындагы айыккандар жана ооруну жуктургандар боюнча маалыматка түшүндүрмө берди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Республикалык штаб covid.kg сайтындагы айыккандар жана ооруну жуктургандар тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Штабдан белгилешкендей, covid.kg сайтында көрсөтүлгөн айыгып чыккандар тууралуу маалымат туура.

"Оорудан сакайгандардын "жуктуруп алгандарга" караганда саны көп болгондугу, райондордо жайгашкан ири ооруканаларга дарыланууга муктаж болгон башка райондон дагы жарандар келгендигине байланыштуу. Мисалы, Ош шаарында облустук деңгээлдеги эки оорукана бар. Ош шаарында 113 жуктуруу учуру катталган, 117 адам айыккан, сакайгандардын 4 учурга көп болушу – бул Ош шаарындагы ооруканаларга жайгаштырылган башка райондордун бейтаптары. "Айыкты" деп ошол ооруканадан ийгиликтүү дарыланып чыгарылгандардын саны түшүндүрүлөт, анын ичинде башка райондордун да жашоочулары бар", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан билдиишкендей, covid.kg ресурсунун колдонуучуларынын кайрылуусун эске алып, адистер көрсөтүлгөн маалыматты оңдоого киришти.

Пикир

Оставить комментарий