• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республикалык штаб: Эмдөө ар кандай илдеттин күчөп кетишинен сактайт

Ден соолук 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат жана илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылгандыгын, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алынып келине баштады.

Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген жактарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) - өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

«Илдет күчөшү ыктымал деп айтылып жатканына байланыштуу эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу жергиликтүү бийлик органдары медицина кызматкерлери менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө тийиш», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Эмдөө иштерин кемчиликсиз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча милдеттемелер коюлду.

Пикир

Оставить комментарий