• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги: Иш-аракеттер алгоритми алмашты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Иш-аракеттер алгоритми алмашты, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы ысык) байкалса гана, алар стационарга жаткырылат.

"Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12 кишиге жетти.

Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында КР саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган алгачкы үч учур катталгандыгы тууралуу маалымдаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий