• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикалык штаб ишкерлер үчүн насыя жана салык каникулдарын берүүнү караштырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Республикалык штаб ишкерлер үчүн насыя жана салык каникулдарын берүүнү караштырууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штаб соода, оюн-зоок жайларынын ишине чектөө киргизүүдөн мурда чектөө киргизилген үч жумада аларга колдоо көрсөтүү маселесин да караган.

"Экономикалык маселелер боюнча штаб салык жана насыя каникул берүү маселесин карап жатышат. Башкача айтканда, пайыздарды кайтаруу боюнча каникул берүү маселеси. Бул иш жеке тартипте иштелип чыгат. Эгер жаран иштеткен мекеме (иштөөсүнө чектөө киргизилген мекемелердин) тизмеге кирип, анын насыясы бар болсо, ал менен жекече иш алынып барат. Улуттук банк, насыя төлөмдөрүнүн кечиктирилишинен улам туум, айыппул салбоо тууралуу чечим чыгарды", - деди ал.

Ал билдиргендей, алдыда вице-премьер-министр Э.Асрандиев ишкерлерге кандай колдоолор боло тургандыгы боюнча так маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий