• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык штаб: Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасынын жогорулаганы байкалган жок

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, Кыргыз Республикасында коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. 13-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок. 303 киши карантин шартындагы медициналык көзөмөлдө. Жалпысынан бул багытта 1602 орун даярдалган, саны зарылдыкка жараша көбөйтүлөт. Россиялык өнөктөштөр Кыргызстанга коронавирусту аныктоо үчүн кезектеги партияны - 5800 реагент берди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөт короновирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын белгиледи. Дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөнү улантууда.

Алтынай Өмүрбекова Өкмөт башчы коронавирус боюнча дүйнөдө кырдаал турукташканга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, министрликтердин, мекемелердин кызматкерлерин инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу бар мамлекеттерге иш сапар менен чыкпай туруу тапшырмасын бергенин эскертти. Мамлекеттик маанилүү иш-чаралар боюнча жана эпидемиологиялык абалы дурус болгон чет өлкөлөргө гана иш сапар менен барууга болот.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эң биринчи кезекте керектелүүчү продуктулардын баасынын жогорулашы байкалган эмес, дүрбөлөңгө түшүү жок, текчелер толуп турат, бардыгы демейдегидей иштеп жатышат. Өлкө аймактарында дагы азык-түлүк боюнча абал тынч, баалар өзгөргөн жок. Өлкөдө тамак-аштын запасы жетиштүү.

Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары алар өлкөнүн ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк рынокторунун өкүлдөрү менен сатуулардын жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

Жыйындын катышуучуларына маалымдалгандай, жергиликтүү компаниялар медициналык беткаптарды чыгара башташты, алар жакынкы күндөрү өлкөнүн дарыканаларына түшө баштайт.

Мамлекеттик чек ара кызматы аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү аракети көрүлгөн медициналык беткаптардын партиясын кармады. Бул факт боюнча тармактык ведомстволор тарабынан тергөө чаралары жүргүзүлүүдө.

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарды балдарды соода-оюн-зоок борборлорунун оюн аянтчаларына жана залдарына алып барбоого, балдардын өздөрүнүн мындай жерлерге баруусуну тыюу салууга чакырды.

Жыйында белгиленгендей, өлкөнүн бардык райондорунда санитардык кызматтардын адистери коомдук тамактануу жайларын, мечиттерди, коомдук унааларды (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо иштерин улантышууда.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын абалы чечилүүдө. Кыргызстандык жүк ташуучулардын бир бөлүгү Азербайжан, Россия, Казакстан аркылуу транзиттик коридор менен өтүшөт.

Ошондой эле Сауд Аравиядан кайтып келе жаткан кыргызстандыктар Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен иш-аракеттер алгоритмине ылайык биринчи текшерүүдөн өтүшүп, үйүндө байкоого алынышат. Алардан коронавируска анализдер алынган, ошону менен бирге 14 күн бою үйлөрүнөн чыгууга, өлкө аймагын кыдырууга тыюу салынган.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Саламаттык сактоо министирлиги менен биргеликте кыргызстандыктар сапарларын пландап алуусу үчүн жарандарга ММКлар аркылуу коронавирус жайылган өлкөлөр тууралуу маалымат берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий