• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб: Коронавирус чыккан учур катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтү Короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө республикада 6-мартка карата эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени, коронавирус чыккан учур катталбаганы айтылды. Ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавируска чалдыккандар жок.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дүйнөдөгү 85 өлкөдө коронавирус чыкканы такталды. 95 миң адамга вирус жуккан, алардын басымдуу бөлүгү Кытай Эл Республикасынан болушат.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 2020-жылдын 8-мартынан тарта Казакстан Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандарын ички паспорт, тагыраак айтканда, ID-карта жана 16 жашка чыга элек балдардын аныктамасы бар туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен өзүнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүгө убактылуу чектөө киргизгенин билдирди. Кыргызстандыктар Казакстандын аймагынан эч кандай чектөөсүз чыгып кете алат.

Кыргызстандыктарга жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуучу паспорт) менен өтүүгө уруксат берилет. Казак тарап бул убактылуу жана дүйнөдө коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин киргизилди деп ишендирүүдө.

Учурда Иранда жүргөн кыргызстандык айдоочулар боюнча - Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Россиянын дипломатиялык миссияларынын жетекчилерине биздин жарандар Кыргыз Республикасына транзит менен өтүүсү үчүн нота тапшырылды.

Буга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматына чет өлкөгө чыгуучу паспортторду берүү процедурасын тездетүү жана бул кызмат көрсөтүүнүн акысын төмөндөтүү тапшырылды.

Жыйында белгиленгендей, эпидемиологиялык абал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгенин жашырып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (аймакка кирүү учурунда) ID-карта менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандыктар мыйзам чегинде жоопко тартылышы мүмкүн .

Республикалык штаб көп сандагы адамдардын катышуусундагы кандайдыр бир иш-чараларды, тегерек үстөлдөрдү, семинарларды, спорттук жана маданий иш-чараларды, майрамдык салтанаттарды өткөрбөөнү кайрадан эскертти. Жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоо жана балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги сунушталды.

Штаб ошондой эле соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларынын жетекчилерине санитайзерлерди орнотуу жана келгендерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунуш кылынды.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Япония өкмөтү Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн реагенттерди берүүгө, Кытай Эл Республикасы өлкөбүзгө гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен.

Билим берүү жана илим министрлигине коронавирус жана оорунун алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий