• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирус дагы 26 адамда аныкталды, арасында жаш балдар бар. Жалпы 42

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн Республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

-Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада,

-Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында,

-Ноокат аймактык ооруканасында,

-Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында,

-Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Мындан сырткары, ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).

Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды; 6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды; 14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды; калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейинкилер.

Пикир

Оставить комментарий