• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб кыргызстандыкка өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2020-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын жараны - «Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий