• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб өлкөдө өзгөчө абал киргизүүнү караштырып жатат

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб өлкөдө өзгөчө абал киргизүү маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Азыр коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын кеңешмеси өтүп жатат. Ал жерде Кыргызстанда өзгөчө абалды киргизүү боюнча маселе каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен.

Пикир

Оставить комментарий