Республикалык штаб: Мекенге келген бардык кыргызстандыктан текшерүү үчүн мазок алынат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Мекенге келген бардык кыргызстандыктан текшерүү үчүн мазок алынат. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылуусун алдын ала жана жол бербөө боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Өкмөт инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алууда. Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам кызматынын жана башка өзгөчө кырдаалдагы кызматтардын адистери ишин улантып, күнү-түнү нөөмөттө турууда.

Сауд Аравиядан келген учактын ичинде болгон 144 адамдын өздүгү аныкталды. Алар учурда обсервацияда турушат.

Россиялык тарап Кыргызстанга коронавирусту аныктоо үчүн 20 миң реагент жана зарыл медициналык жабдууларды берүүгө даяр. Мындан тышкары эл аралык донорлор дагы Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус менен күрөштө бир нече багыт боюнча колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Жыйында белгиленгендей, үй карантини шарттарын бузуп, көчөгө чыгууну каалаган жактар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү кабарлагандай, Казакстандын бийлиги кирүүгө киргизген чектөөлөрдөн улам Казакстан менен Россиянын ортосундагы нейтралдуу тилкеде жайгашкан 170 кыргызстандыктын маселеси көзөмөлдөнүп жатат. Өлкөнүн тышкы саясий мекемеси бул абалды чечүү үчүн өнөктөштөр менен тынымсыз байланышта болууда.

Отурумдун катышуучуларына Кыргызстан 19-марттан тарта чет өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүүсүнө тыюу салганы эскертилди. Эл аралык жүк ташууларды гана ишке ашырган тараптарга уруксат берилүүдө.

Мындан сырткары, мекенине кайта турчу бардык кыргызстандыктардан санитардык-көзөмөлдөөчү пунктардын кызматкерлери текшерүү үчүн мазок алышат.

Жыйындын катышуучуларына учурда жергиликтүү беткаптарды чыгаруу жөнгө салынганы, алар дарыкана тармактарына жеткирилип жатканы кабарланды. Бул маселе тармактык органдардын көзөмөлүндө турат.

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди жүргүзүп, коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу Өкмөттүн чечиминин аткарылышына көз салууда.

Мындан тышкары, жарандар 112 жана 118 кыска телефон номерлерине чалып, жардам, кеңеш алуу үчүн кайрылып, коронавирус боюнча жагдай жөнүндө маалымат алса болот. Чалуу акысыз. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын алдында түз байланыштар уюштурулган.

Республикалык штабдын мүчөлөрү ар бир жаран кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү керектигин, медицина кызматкерлеринин сунуштарын колдонуусун, зарыл алдын алуу чараларды көрүүсүн, өздүк гигиенаны сактоосун жана бул тууралуу өз балдарына түшүндүрүү керектигин белгилешти.

Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелерге жана балдарга Саламаттыкты сактоо министрлигинин сасык тумоо, курч респиратордук жугуштуу ооруларды жана коронавирусту алдын алуу боюнча өздүк гигиена эрежелерин так сактоо тууралуу сунуштарын колдонуу, ошондой эле каникул убагында балдардын үйдө болуусуна кам көрүү, шаар ичинде жүрүүлөрүн чектөө, билим берүү ийримдерине, секцияларына барбоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине бардык саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарга барганда карантиндик режимдин сакталышын камсыздоо милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий