• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб: Нарын облусунда калктын 46%ы вакцинацияланды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, республика аймагындагы, анын ичинде Нарын облусундагы вакцинациялоо кампаниясынын жүрүшү талкууланды, ошондой эле жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуу процессине даярдык жыйынтыгы талкууланды.

Министрлер кабинетинетинин башчысынын орун басары COVID-19дан вакцинациялоо боюнча кампаниянын ишин жетишсиз деп баалады жана калкты эмдөө процессин тездетүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Белгилесек, бүгүнкү күндө COVID-19 каршы вакцинациялоо үчүн максаттуу топтун саны болжол менен 102 миң адамды түзөт, анын ичинде калктын 46%ы биринчи доза менен вакцинацияланган, аал эми калктын 31%ы эмдөөнүн толук курсунан (биринчи жана экинчи эмдөө) өткөн. Жумгал (49%) жана Нарын райондору (48%) алдыда келе жатат, төмөнкү көрсөткүчтөр Ат-Башы (43%) жана Ак-Талаа (44%) райондорунда байкалууда.

Жумгал районунда COVID-19 оорусу эки жума бою каттала электигин белгилеп кетүү маанилүү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Жылдыз Бакашова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин жетиштүү кору болуусу маселесин үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте жарандар арасында COVID-19дан вакцина алуунун жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүсү тапшырылды.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарынын кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин улантат.

Белгилесек, эмдөөнүн жүрүшүн талдоо боюнча республикалык штабдын ушул сыяктуу көчмө жыйындары ар бир региондо өткөрүлүүдө, буга чейинки жолугушуу Ысык-Көл жана Чүй облусунда өткөн.

Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Нарын облустук бириккен ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда актуалдуу маселелер талкууланды, тактап айтканда, адистердин жетишсиздиги темасы козголду. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 2938 дарыгер эмгектенет. Аймак калкынын санына, ошондой эле айрым ооруканалардын кууш багыттагы адистештирилген медициналык кадрларга карата болгон муктаждыгына ылайык, 153 адис жетишпейт.

Пикир

Оставить комментарий