• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык штаб: Нарындагы медкызматкерлерге 780 даана атайын коргонуучу кийим берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Нарын облусундагы медицина кызматкерлерине 780 даана бир жолу жана көп жолу колдоно турган атайын коргонуучу кийим берилген. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кийимдер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген.

Эске сала кетсек, 10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жалпы 298 учур катталды. Алардын ичинен:

  1. Жалал-Абад облусунда – 89,
  2. Ош облусунда – 98,
  3. Чүй облусунда – 15,
  4. Баткен облусунда – 4,
  5. Ош шаарында – 36,
  6. Бишкек шаарында– 42,
  7. Нарын облусунда – 10,
  8. Ысык-Көл облусунда – 4 учур бар.

Медицина кызматкерлери жалпы: 39, жаӊы – 5 учур. Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий