• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Штаб: Обсервацияда жаткан француз жараны инсультка кабылып, тийиштүү дарылануу дайындалды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда обсервацияда жаткан француз жараны инсультка кыбылып, тийиштүү дарылануу дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргенин Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ал Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу.

"Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин, Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен бул жаран жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле штабдан кошумчалашкандай, социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан “Кыргызстанда коронавирустан 2 адам каза тапты” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий