• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Республикалык штабда бала бакча жана мектептерди ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Республикалык штабда бала бакча жана мектептерди санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жана мектептер жабылган.

"Азыркы учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборунун макулдугу менен иштеп жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир район, шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, бала бакчалардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат. Ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды", - дейт ал.

Боронов мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтыларын белгиледи.

"Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатышат", - деп кошумчалады ал

Пикир

Оставить комментарий